Феликс Кулов: Депутаттардын орточо айлыгы 25 миң сом

Жогорку Кеңеш депутатынын орточо айлыгы 25 миң сом. Бул тууралуу бүгүн “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Феликс Кулов билдирди.

Эске салсак, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) бир депутатка бир жылда 6 млн сом коройт деген маалымат тараган.

“Муну алар кантип эсептешти: парламенттин бардык чыгымын депутаттардын санына бөлүп коюшкан. Бул өтө примитивдүү эсеп”, - деди Кулов.

Анын айтымында, парламенттин дагы башка көп чыгымдары бар: имаратты ижарага алуу, айдоочулар (алар 8200 сомдон алат жана машиналарга күн сайын 12 литрден бензин бөлүнөт), ЖК аппараты жана Парламенттин Иш башкармалыгы.

“Биринчиден, депутаттын орточо айлыгы кошумча төлөмдөрдү кошпогондо 25 миң сом. Ага кошумча 12 литр бензин жана телефондук сүйлөшүүсүнө 2,5 миң сом каралган. Бирок мен телефон жана парламенттин машинасын колдонбойм”, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД