Элмурат Обдунов: Козголгон кылмыш иши боюнча өзүмдү күнөөсүз деп эсептейм

“Козголгон кылмыш иши боюнча өзүмдү күнөөсүз деп эсептейм”, - деп “Республика” фракциясынын депутаты Элмурат Обдунов “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, аталган кылмыш иши 2012-жылдын июнунда прокуратуранын кызматкерлери Ош мамлекеттик университеттин кызматкерлерин 1 млн сомду уурдагындыгы боюнча айыптаганда козголгон. Тергөө убагында келишимдин көпчүлүк бөлүгү жана каражат мыймандын чегинде толтурулганы аныкталган.

“Бүгүнкү күнү жогоруда айтылган сумманын 401 миң сому гана далилдене элек. Анын ичинде мени окууга жетишпеген студенттерга 265 миң сомду мыйзамсыз берген деп айыптоодо. Ошол эле учурда алар университеттин акча каражаты кайтарылып берилбейт деген жобосуна басым жасашууда. Бирок мыйзам боюнча “Колдонуучулардын укугун коргоо жөнүндө” мыйзамга ылайык биз каражатты кайтарып беришибиз керек болчу. Биз аны мыйзамдын чегинде аткардык”, - дейт Обдунов.

Ал бул иште эч кандай саясый куугунтук жоктугун билдирди.

Эскертсек, буга чейин “ВБ” Башкы прокуратура Обдуновго мамлекеттик каражатты уурдагындыгы тууралуу ага кылмыш ишин ачууга уруксат сураганын маалымдаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД