А.Калмамбетов: Энергетикадагы коммерциялык жоготуу 20%дан 4%га чейин төмөндөдү

А.Калмамбетов: Энергетикадагы коммерциялык жоготуу 20%дан 4%га чейин төмөндөдү

2007-жылдан бери Кыргызстандын энергетикалык секторундагы коммерциялык жоготуулар 20 пайыздан 4 пайызга чейин төмөндөгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш жыйынында Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов билдирди.

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина энергетика – өлкөдөгү эң ири коррупциялык тармак экенин белгиледи.

Буга Калмамбетов акыркы жылдары элден чогулган каражатка ГЭСтерде жана электр өткөрүүчү линияларда чоң оңдоо иштери жүрүүдө деп жооп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД