Энергетика министри: Электрэнергияга болгон тариф кийинки жылы көтөрүлөт

Бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов Кыргызстанда электр зымдарын калыбына келтирүү үчүн каражат керектигин, ушундан улам кийинки жылы электр энергияга болгон тариф жогорулай турганын билдирди. Ошондой эле, Азия өнүгүү банкынан (АӨБ) кредит жана грант да бөлүнгөн.

КСДП фракциясынын депутаты Алла Измалкова “Кыргызстандын энергетикасы – кара тешиктей, аны көзөмөлдөө абдан оор”, - деп билдирди. Ал тарифтерди көтөрүүдөн түшкөн каражат бюджетке эмес ГЭСти жана зымдарды “ар дайым” калабына келтирүүгө кетерине нааразы болуп, ушул эле максатта АӨБ 55 млн доллар бөлгөнүн айтты.

Калмамбетов тарифтер дароо көтөрүлбөй тургандыгын айтып, электр системасындагы реконструкция жана жакшыртуу мультипликативдик таасир берерин кошумчалады. “Ошол эле убакта бюджет салыктын эсебинен көбөйөт”, - деди ал.

Анын айтымында, энергетика тийиштүү деңгээлде болуусу үчүн реконструкцияны жасоо кеч эмес.

Эске салсак, АӨБ Кыргызстандын энергетика секторун жакшыртууга 55 млн доллар бөлүүгө ниеттенүүдө.

Автандил Калмамбетов анын 40 млн доллары грант түрүндө, 15 млн доллары 32 жылдык мөөнөт менен кредит катары бөлүнөөрүн билдирди.

Эскертсек, жеңилдетилген убакыт ичиндеги келишимге ылайык (ал 8 жыл) Кыргызстан 1 пайыздык үстөк менен төлөйт, андан кийин 1,5 пайыз болот. Бул каражат Токтогул ГЭСин жакшыртууга кетет. Ал 1975-жылы курулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД