Депутаттык комиссия Төлөгөновдун тоноочулукка тийиштиги бардыгына далил тапты

2010-жылдагы апрель революциясы учурунда тоноочулук боюнча комиссиянын төрагасы, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов Жазаларды аткаруу мамкызматынын тергөө абагында отурган Абдулла Юсуповдун, Дастан Оморовдун жана Азамат Шергазиевдин көрсөтмөлөрү далилденгенин билдирди.

Ал экс-президент жана анын жакындарынын мүлкүн тоноого “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз тийиштиги бардыгын тастыктаган далилдер бар экенин белгиледи. Атамекенчи ал далилдерге ылайык, тоноочулукту башкарган жана аларга курал тараткан. Анын ичинде Юсупов, Оморов жана Шергазиевге да берген.

Осмонов камактагылардын көрсөтмөлөрүнүн чындыгын тастыктаган негизги далилдер – буга чейин ИИМ билдирген тоноо болгон жердеги телефон чалуулар жана курал таратуу экенин баса белгиледи. “ИИМ Төлөгөнов башында турган колунда курал көтөргөн кишилердин тобун кармаганын билдирген. Бирок, Төлөгөновдун фамилиясын уккандан кийин алардын тапанча жана автоматтарын алып туруп, кое беришкен”, - дейт ал.

Ошол эле учурда Осмонов Юсупов менен Оморов Төлөгөновдун колунан башка тоноочулар сыяктуу эле курал алышканын эскертти. Өзгөчө Бакиевдин белекке берилген куралдарын,- дейт ал.

“Бул иштин кийинки тагдыры – прокуратура менен тергөө органдарынын колунда”, - деди эл өкүлү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД