Жүргүнчү ташыган маршрутка жүргүнчүлөрү менен кошо ала салды

Токмокто жүргүнчүлөрдү ташыган маршрутка кишилери менен кошо ала салды. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдиришти.

Алдын ала маалыматка ылайык, 24-жаштагы жергиликтүү айдоочу Фрунзе көчөсү менен келатып, жердин тайгалактыгынан рулду башкара албай калган. Машина жол жээгине чыгып, ала салып кеткен. Кесепетинен жүргүнчү эки аял оор жаракат алышты. Жабыркагандарды “Баш мээси чайкалган” деген диагноз менен жакынкы ооруканага жеткиришкен.

Аталган факт боюнча милиция кызматкерлери тергөөнү баштады. Эксперттер машинанын абалын текшеришмекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД