Жоомарт Оторбаев: Энергетиктер тарифтердин жогорулоосун түшүндүрүшү керек

Энергетиктер элди ишендирип жана электр энергияга болгон тарифтин жогорулоосун түшүндүрүшү керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев 22-ноябрда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, энергетиктердин милдети - тармактагы коррупциянын аздыгын жана тарифти көтөрүү керектигин көргөзүү.

Эске салсак, 22-ноябрда энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов айына 300 кВт сааттан ашык электр энергиясын колдонгон кардарларга тарифти 1 сомго чейин жогорулатуу боюнча сунушту 2013-жылы өкмөттүн кароосуна сунуштай турганын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД