Кыргызстанга газ алып келүү 25 пайызга чектелди

Казакстан Кыргызстанга газ алып келүүнү дээрлик 25 пайызга чейин чектеди. Газды берүүнү азайтуу өткөн жумада башталган жана андан улам Бишкек жылуулук электр борборуна (ТЭЦ) газ берүү өчүрүлгөн. Башка кардарларга газ берүүдөгү чектөө киргизилген жок. Бул тууралуу “Кыргызсгаз” ААКынан “ВБ”га билдиришти.

Кыргызстандын түндүгү бир саатта 40 миң куб газ колдонсо, Казакстан болжол менен 30 миңди түзөт. Ар суткада өлкөнүн түндүк бөлүгү 450-500 миң кубометрге чейин жаратылыш газын колдонот.

Өзбекстандагы газ чыккан аймактардагы аба ырайы суук болгондуктан Казакстанга газ берүү да кыскарган. Алар өз кезегинде Кыргызстанга көгүлтүр отун берүүнү да кыскарткан.

“Кыргызгаздын” басмасөз кызматынан билдиргендей, эгер бардык кардарлар газ үчүн болгон төлөмдү төлөшкөндө газ берүүдөгү көйгөй жаралбайт болчу. Кыргызстан “КазТрансГаз” акционердик коомуна 1,6 млн доллар карыз, андыктан “Кыргызгаз” газды жеткирүү боюнча казак тараптан түзүлгөн келишимди аткарууну талап кыла албайт.

“Кыргызгаздын” Казакстандын алдында болгон карызы негизинен “Электр станциялары” ААКысынын карыздарынан улам келип чыккан. Ал 57,7 млн сом (1,22 млн доллардан ашык) карыз.

“Эгер “Кыргызгаздын” “КазТранзГаз” акционердик коомунун алдында карызы болбогондо алардан газды жеткирүү боюнча милдетин аткарууну талап кыла алмак. Бирок, ата-мекендик компаниялар газ – бул товар экенин, ага төлөө керектигин түшүнбөй атат”, - деп билдерет “Кыргызгаз” компаниясынын басмасөз кызматы.

Ошондой эле басмасөз кызматы Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүдө көйгөй жок экенин маалымдады.

Эске салсак, Кыргызстан 2011-жылдын 1-октябрынан баштап өлкөнүн түндүгү үчүн газды Казакстандан сатып алат. Бирок, казактар Кыргызстанга өзбекстандын газын сатышат. 2011-жылы көгүлтүр отундун миң кубу 195 доллардан сатылып алынчу, ал эми 2012-жылдын 1-январынан тарта анын баасы 224 долларга өскөн. Келишим боюнча Кыргызстан 300 млн кубометр газ сатып алган. Июль айында дагы кошумча 400 млн жаратылыш газын сатып алуу боюнча келишимге жетишилген.

Кыргызстандын түштүгү газды Өзбекстандан сатып алат. Миң кубометр газдын баасы 290 долларды түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД