“Рухий Мурас” жаңы конушундагы өрттөн эки бала каза болду

“Рухий Мурас” жаңы конушундагы чыккан өрттөн эки бала иске ууланып каза болду. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булак билдирди.

Тартип коргоочулардын айтымында, үч жана беш жаштагы балдарын ата-энеси үйгө таштап кеткен. Өрттүн чыгуусуна колго жасалган плитка себеп болгон. Эсин жоготкон кызын жана баласын үйүнө келген атасы тапкан. Кырсык болгон жерге келген “тез жардамдын” врачтары жардам бере алышкан эмес. Окуя болгон жерге Октябрь РИИБинин ыкчам-иликтөө тобу барган. Балдардын өлүмү боюнча тергөө иши башталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД