Чүй районунда жаңы төрөлгөн баланы таштап кеткен факты катталды

Чүй районунда жаңы төрөлгөн баланы таштап кетти. Бул тууралуу Чүй ИИББинин басмасөз кызматы билдирди.

Тартип сакчыларынын айтымында, 22-ноябрь күнү түнкү саат 2лер чамасында белгисиз аял Винсовхоз айылындагы тургундун үйүнө жаңы төрөлгөн кызды таштап кеткен. Үйдүн кожойкеси баланын ыйлаганын угуп, аны үйүнө алып кирген.

Окуя болгон жерге медиктер менен жергиликтүү милиция барган. Врачтар ымыркайдын – денесинен эч кандай патологиялык нерсе тапкан эмес.

Учурда ымыркайдын кийинки тагдыры чечилүүдө. Милиция кызматкерлери кыздын энесин издөөгө киришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД