Отунбаева депутаттарга мектепке чейинки билим берүүдөгү көйгөйлөр тууралуу айтты

Кыргызстанда мектепке чейинки жаштагы балдардын саны 8 886. Алардын 13-14 пайызы шаар жериндеги бала бакчаларга барса, айыл жеринде болгону 7 пайыз. Бул тууралуу билим берүү боюнча парламенттик угууда экс-президент Роза Отунбаева билдирди.

“Кыргызстан үчүн билим берүүнүн сапатын көтөрүү өтө маанилүү. Ал үчүн мектепке киргизүү алдында балдардын билимин теңеш керек”, - деди Отунбаева.

Экс-президент бүгүнкү күнү бала бакчаларга акчасы барлар гана барарын кошумчалады. Анын айтымында, айыл жериндеги ата-энелер балдарын бала бакчага бере алышпайт.

Ал өз сөзүндө мигранттардын балдары жөнүндө да айтып өттү. “Бизде 400 миң мигрант Кыргызстандан тыш жүрөт, алар жумуш издейбиз деп балдарын таштап кетишкен. Алар жылына миллиард сомдон ашуун каражатты Кыргызстанга салышат. Мигранттар социалдык өнүгүүгө да салым кошууда. Биз алардын балдары үчүн да бирдей шарт түзүүбүз керек”, - деди экс-президент.

Ал ошондой эле билим берүүдөгү реформада чет элдик тажрыйбаларды колдонуу кажеттигин белгилеп, өзгөчө Австралия жана Канаданыкын алуу керектигин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД