Билим берүүнү каржылоо эки жылда 13төн 21 миллиардга чейин өскөн

2010-жылы өкмөт билим берүүгө 12,8 млрд сом бөлсө, 2012-жылы 21 млрд 50 млн сом бөлгөн. Бул тууралуу бүгүн парламенттик угууда финансы министри Ольга Лаврова билдирди.

Бирок анын айтымында, 2013-жылы билим берүү тармагына көрүнүктүү түрдө каржылоо көбөйгөн эмес, себеби бюджеттин негизин түзгөн Кумтөр кениндеги иштер кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учураган.

Лаврова 2013-жылы билим берүүгө атайын каражатты кошкондо 22 млрд сом бөлүнө турганын маалымдады.

Ошол эле учурда министр 2010-жылга салыштырганда 2012-жылы мектепке чейинки билим берүүгө кеткен чыгым 70 пайызга өсүп, 1,7 млрд сомду түзгөнүн кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД