Кыргызстандагы 432 бала бакчанын имараты өз максатында колдонулбайт

Кыргызстандагы 432 бала бакчанын имараты өз максатында колдонулбайт. Бул тууралуу бүгүн парламенттик угууда Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Айбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү 204 мекеме мамлекеттин карамагында, 547 – муниципалдык болсо, 253 мекеме жеке менчикке өткөн.

“Бул бала бакчалардын 572си өз максатында колдонулса, 432си өз максатында колдонулбайт. Алардын 32син прокуратура, ички иштер органдары жана мектеп колдонуп келет. 158 имарат РИИБ, фельдшердик-акушердик пунктар болсо, 122си дүкөн, мечит, ЖОЖ катары колдонулат”, - дейт ал.

Ал көпчүлүк бала бакчалар 1992-2000-жылдары менчиктештирилип кеткенин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД