Бишкектин эки көчөсүнө жарык коюлду

Бишкек мэриясынын басмасөз кызматынан билдиргендей, “Бишкексвет” муниципалдык ишканасы Лев Толстойдон Кулатов көчөсүнө чейин жана Логвиненкодон Панфилов көчөсүнө чейин жаңы 12 фонарь койду.

Маалымдалгандай буга чейин аталган көчөлөрдө жарык болгон эмес. Жаңы фонарларга жогорку басымдагы натрий лампалары орнотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД