Бишкекте күндүз аялдамадан эркек кишини сабап туруп тоноп кеткен

37 жаштагы тоноочу өзүнүн “олжосун” күндүз эле аялдамадан тоноп кеткен. Бул тууралуу шаардык ИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, 21-ноябрда Ош базар аймагындагы Бейшеналиева көчөсүнөн 35-40 жаштагы киши маршруттук такси күтүп турган “Жал” районунда жашаган 40 жаштагы адамды тоноп кеткен. Ал аны сабап туруп, акчасын тартып алган.

Изи сууй элегинде №1 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 1975-жылы туулган, буга чейин соттоло элек жаранды кармашкан. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД