Мелис Турганбаев: Бишкек ШИИБи шайлоо маалында тартипти камсыз кылууга даяр

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы 25-ноябрда Бишкек шаардык кеңешке боло турчу шайлоо маалында тартипти камсыз кылууга даяр. Мындай маалыматты бүгүн Бишкек ШИИБинин жетекчиси Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, 203 аймагында шаардык укук коргоо кызматынын 1 113 кызматкери жана райондордон келген 653 милиционер көзөмөл кылат.

“Андан сырткары, 450 ИИМ Академиясынын курсанттары менен мектеп милициясы нөөмөткө чыгат. Учурда ар бир аймакта бештен кызматкер нөөмөткө чыгууда”, -дейт Турганбаев.

Ал бүгүнтөн баштап ШИИБ күчөтүлгөн аскердик даярдыкта кызмат өтөп баштаганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД