Атамбаевге «Шералынын чокойун көрсөтөлү» деп, кыргыз басылмалары кыжырданышууда

«Тону жокко салам айт, өтүгү жокко өзүм барам», дечү кыш да кирип келди. «Күз жылуу болуп берди. Суук мындан эрте түшсө кантет элек, өз убагында эле келди» деп, кээси Кудайга, кээси жаратылышка ыраазы.

Ошентсе да, кар жаап, суук түшкөнү жону жука элибиз да үрпөйө үйдөн чыкпай, жер-жерлерде электр өчүрүлүп, кышка даярдыгы начарлар кылчылдап үшүп, жашоо ыргагы дымый түшкөндөй.

Кыштын каары, жаз, жай, күз бою, кудайдын куттуу күнү кур калбай, тынымсыз болуп жаткан митингдерди да токтотту. Саясый турмуштун деминин басаңдашы, телегейи тегиз деген депутаттарыбызга да таасир этип, ыкшоолонтуп, жылуу-жумшак жерге тыгылууга мажбур кылганбы (?), айтор Жогорку Кеңештин жыйындар залы аңгырап бош. Болгону жыйырмага чукул депутат отурат. «Ой, уят болуп жатабыз, токтотпойлубу!» дегендердин сөзүн кулактын сыртынан кетирип, эч нерсе болбогондой энергетика маселесин талкулашууда.

Бирок, минтип, турмуштун катып, баарысы «чээнге кирип», мемиреп калгансып турганы, жалган көрүнүш, сыртынан караганда эле ошондой. А чынында, кыргыз коомчулугу баштагыга караганда катуу активдеше баштады.

Кышка даярдыктын начардыгы, түбү түшкөн бюджет, төлөмдөрдүн кечеңдеп, баалардын өсүп жатышы, бийлик кош стандарттуу аракеттерге өтүп, «кол ийрисине тартат» кылып, өзүм дегендерге тийбей, оппоненттерин куугунтукка алып, камап, адилеттүүлүктөн тайып жатышы, айткан убадаларын унутушу коомдун дээрлик баардык катмарында нааразычылыктарды жаратты. Саясатчылар, бейөкмөт уюмдардын дээрлик көпчүлүгү, ачыктан ачык оппозициянын нааразычылык акцияларына кошулууга даяр экендигин билдире баштады.

Азимбек Бекназаров, Эркин Бөлөкбаев баштаган улутчулдар менен жашылдардын катарындагы «кесипкөй» революционерлер да чечкиндүү аракеттерди көрүп, баардык нааразы тараптарды бириктирип, бир, «чоң» элдик кыймыл түзүүнү пландоодо.

Кыргыз гезиттери да бийликтин кылып жаткан аракеттерин катуу сынга алуу боюнча бир пикирге келишип, Бабырбек Жээнбековду төрага, Эльнура Кулуеваны жоопту катчы кылып, Алмазбек Атамбаевге каршы чабуул баштады.

Эзели башы бирикпеген кыргыз гезиттеринин минтип, үйгүшө калуусун президент өзү шарттады. 7-ноябрда, журналистерди кесиптик майрамы менен куттуктайм деп, резиденцияга чакырып алып, ойду-тоону сүйлөп, журналистерди шылдыңдап, келекелейм деп, баягы, «өлөөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт» дегендин эле өзүндөгүдөй болуп, даана балееге калгандай. Акаев менен Бакиевдин «башын жеген» кыргыз басылмалары, «Атамбаев кечээ эле бизге жалынып-жалбарып, биздин аркабыз менен тактыга отурбады беле, ошонун баарын унуткан турбайбы, буга Шераалынын чокойун көрсөтөлү» деп, катуу кыжырданышып, президентке ачыктан ачык каршы болуп, тиштерин кайрай баштады.

Учурда, оппозициячыл «Ата-Журт» партиясынын лидерлерин камактан бошотуу талабы менен өтүп жаткан нааразычылык акцияларын кайрадан жандандырып, 28-ноябрда нааразычылык акциясын уюштуруу пландалууда. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовдун талапташтары менен колдоочуларына бул сапар НПОлор, Азимбек Бекназаров, Эркин Бөлөкбаев баштаган жоон топ саясатчылар кошулуп чыгаары, ал акцияны Бабырбек Жээнбеков баштаган кыргыз журналисттери түгөл колдоого алаары белгилүү болду.

Уюштуруучулар, «бул сапар бийликти төңкөрөбүз, дубалдан секиребиз» дебейбиз, масштабдуу, массалык акция өткөрүп, бийликти сестентип, эсине келтирүүгө аракет кылабыз, «бийлик көрсүн, сезсин, нааразы болгондор күн санап өсүп баратканын, эгер эсине келбесе эртеби кечпи, акыры мурунку бийликтин кейпин киет», деген пикирлерин билдиришүүдө. Серепчилер болсо, кар жаап, аба ырайы суук болсо көп адам чогулушу кыйынга тураарын, бирок, 25-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон партиялар да бул акцияга кошулуп кетсе, адам саны көбөйүп, саясый туруктуулукка шек келиши толук мүмкүн, деген ойду айтууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД