Бишкек шаар кеңешине болгон шайлоодо азырынча 4 партия 7 пайыздык тосмодон өттү

Таңкы саат 7.50гө алынган маалымат боюнча Бишкек боюнча шайлоочулардын 58,62 пайыз добушу саналып бүттү. Мындай маалыматты БШК билдирди.

Алдын ала жыйынтыктар 203 шайлоо участкасынын 119унан келип түштү.

Азырынча 7 пайыздык тосмодон 4 гана партия өттү.

1. КСДП – 32,02 пайыз (22,9 миң добуш)

2. “Республика” – 17,98 пайыз (12,8 миң добуш)

3. “Замандаш-Современник” – 10,12 пайыз (7,2 миң добуш)

4. “Ата Мекен” – 9,91 (7 миң добуш)

“Ар-Намыс” партиясы 4,8 пайыз чогулта алган, “Акшумкар” – 4,7 пайыз, “Мекен Ынтымагы” – 3,4 пайыз, “Тоскоолдуксуз жашоо үчүн” 1,8 пайыз, “Бирдиктүү Кыргызстан” – 1,6 пайыз, “Ата-Журт” – 1,4 пайыз, “Столица” – 1,3 пайыз, “Адилеттүү Кыргызстан” – 1,3 пайыз жана С.С.С.Р – 1,1 пайыз добуш алган.

Бардыгына каршы деп шайлоочулардын 2,48 пайызы добуш берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД