“Таза шайлоо” шайлоочуларды 2 жолу сатып алууга болгон аракетти каттаган

“Таза шайлоо” ассоциациясы Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоо учурунда шайлоочуларды эки жолу сатып алууга болгон аракетти катташкан. Бул тууралуу ассоциациядан “ВБ”га билдиришти.

Биринчи аракет №1140 шайлоо бөлүгүндө катталган. “Таза шайлоо” ассоциациясынын байкоочуларынын маалыматына ылайык, шайлоо бөлүгүнүн аймагынан “Республика” партиясы шайлоочуларды сатып алууга аракет кылган. Милиция аларды таркатып жиберди”, - деп билдирет ассоциация.

Шайлоочуларды сатып алууга болгон экинчи аракет №1308 шайлоо бөлүгүндө катталган. Колдорунда ДНД деген кызыл лента бар белгисиз адамдар микроавтобустар менен 15тей кишини алып келишкен. “Шайлоо бөлүмдөрүнөн добушун берип чыккандарга акча таратышты. Канчалык суммадагы акча бергендиги белгисиз. Болжол менен добуш сатып алууну “Республика” партиясы жасашы мүмкүн”, - деп билдирет “Таза шайлоо”.

Ассоциациядан билдиргендей, “Таза шайлоонун” ишенимдүү өкүлү бул фактыларды каттап байкоочуларга берген жана бул боюнча акты түзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД