Жумгал районунун айылында бир саатта эки ири өрт чыкты

Жумгал районунун айылдарынын биринде бир саатта эки ири өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери билдирди.

Жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү үйдүн кышка деп даярдаган чөбү күйгөн. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр келишкен. Тилсиз жоодон 3 тоннадан ашык чөп күйгөн.

Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоонун алдын алып атканда, коңшу көчөдө дагы бир өрт чыккан. Ал жерде дагы малга деп камдалган чөп күйгөн. Бул жерде 18 тоннадан ашык тоют күйүп кеткен.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Бир суткада Кыргызстан боюнча 17 өрт катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД