Газ өчүрүлгөн райондордо эми электр жарыгы да өчүрүлөт

Газ өчүрүлгөн райондордо эми электр жарыгы да өчүрүлөт. “Түндүкэлектр” ААКы жабдыктарга максималдуу жүктөлүү болгон сааттарда чектөө киргизүүгө аргасыз. Бул тууралуу бөлүштүрүүчү компаниянын басмасөз кызматынан “ВБ”га билдирди.

Компаниянын маалыматына ылайык, Бишкектин түндүк бөлүгүн, шаар тышын жана Токмок, Кант, Кара-Балтаны газ менен камсыздоо токтотулгандан кийин “Түндүкэлектрдин” жабдыктарына абдан күч келүүдө. Авариялык арыздардын саны өскөн.

“Ушундан улам бөлүштүрүүчү компания жабдыктарга максималдуу жүктөлүү болгон сааттарда жана түнкүсүн чектөө киргизүүгө аргасыз болууда. Биз жабдыктардын иштен чыгып калышына жол бербейбиз. Себеби ал абалды ого бетер оорлоштурат”, - деп билдирди басмасөз кызматы.

Компаниядан белгилегендей акыркы күндөрү жабдыктарга абдан күч келүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД