«Кетсин» демей башталса жоопкерчилик президент жана өкмөттөн талап кылыныш керек

Бюджеттин тартыштыгы 20 млрд сомдун тегерегинде болуп, өнүгүү багытына каралган каражаттар түгөл кыркылды. Корголгон беренелер боюнча төлөмдөр да кечиктирилип, эмгек акылар убагында берилбей, бюджетти аткаруу кыйынга турууда. Экономикалык кырдаал оор болуп жатканын өкмөт өзү деле моюнга алып, жашырып жаппай эле, ачык айтып жатат.

Коомчулукта «биздин өлкө кыйынчылыкка кептелди, биздин өкмөт кыйналып жатат, баарыбызга кыйын болду, кантип ушул кыйынчылыктан чыгабыз?» деген биримдик жок. Тетирисинче, «ушу бийлик башындагылар күнөөлү, жалаң жеке кызыкчылыктарын ойлоп жатышып, элдин, мамлекеттин кызыкчылыктары каралбай калды, ушу акүйдөгүлөр курутту, буларды кууш керек» дегендер арбып, нааразычылык күчөй тургандай болуп баратат.

Мындай кырдаал жок жерден чыккан жери жок. Жаңы бийлик чындыгында, «эски тырмоокту» кайра-кайра басып, көптөгөн катачылыктарды кетирип жатат. Кетирген кемчиликтерди моюндап, же «ушунум туура эмес болуп калыптыр» деп, кайтадан оңдоого, жок дегенде кайталабоого аракеттенбей эле, «өзүмдү өзүм билем …», дегенсип асмандап жатышат. Булардын ойлонбой жасаган кадамдарынын айынан миңдеген адамдар кан жутуп, жабыркаганы деле аң-сезимдерин анча өзгөртпөгөндөй. Алдым-жуттумдары, талап-тоноолору, маршруткадан джиптерге минип, бирпаста байып кеткендери да ачыка чыгып, абийирлери айрандай төгүлүп, жек көрүндү болуп, кыска мөөнөттө, 7-апрелде элден алган “ишеним кредитин” түгөтүп бүтүштү.

Азыр нааразычылыкка чыгып жаткандар, негизинен парламентти кайра шайлоо, конституцияны өзгөртүү талаптарын айтып жатышат. Биз, көзкарандысыздыкка ээ болгон жыйырма жылдай убакыт ичинде баш мыйзамыбызды сегиз жолу өзгөрттүк. Ошондон бир пайда чыгып, чекебиз жылыдыбы? Баш мыйзамга кол жоолук алмаштыргандай мамиле кылуу өнөкөткө айланды. Натыйжада, мыйзамды сыйлоо, адамды сыйлоо деген түшүнүктөр тепсендиде калды. Конституциянын да, мамлекетибиздин да, өзүбүздүн да баркыбыз кетти. Адамзат жүз миңдеген жылдар бою конституциясыз эле жашаган. Керек болсо, азыр деле конституциясыз жашап, өнүгүп жаткан мамлекеттер бар. Кеп өзүбүздө. Жамаачы чапан менен деле кыштан чыкса болот дегендей, жаман мыйзам менен, же мыйзамсыз деле жашаса болот. Андыктан, «азыр конституцияны өзгөртө койсок эле ишибиз оңолуу жолуна түшөт» дегенге ишенүүгө болбойт.

Эки палаталуу парламент тууралуу

…Биз муну мурда жасаганбыз да. Мыйзам чыгаруу жыйынына 35 депутат туруктуу иштеп, эл өкүлдөрү 70 депутат керек болгондо чогула калып, иштегенин билебиз. Бул, «жеңил сатып алууга ыңгайлуу парламент» “акайычтарга” керек болгондо түзүлгөн. Ал үй-бүлөөнүн элди тоноп, жерди сатып, байуусу үчүн түзүлүп, кандай «чөнтөк» парламент болгонун эл унута элек. Андыктан, бүгүн парламенттин санын кыскартып, алсыратуу кимге керек? Андай жагдай, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбейт, андай парламент тар чөйрөнүн «жеми» болуп калат. Бул, парламентти «кол бала» кылып сатып алгысы келип жаткандардын иши. «Кайра шайлоо болсо парламентке кирип калаармын» дегендер азгырылып, колдоого алып жатат, десек жаңылышпайбыз. Анан, акча экономдойбуз деп парламентти кыскартып даана «ит» болсокчу? Менин оюмча, коом буга каршы чыкпаса болбойт. Колдон келсе депутаттардын санын дагы көбөйтүп, парламентти «сатып алууну» кыйындатуу керек.

Анын үстүнө, биз, парламенттик системага кадам таштаганыбызга эки гана жыл болду. Жаңы шартта иштеп-жашоого депутаттарыбыз, алар менен кошо коомчулугубуз да жаңыдан бул системага сүңгүп, үйрөнө баштадык го. Депутаттардын мөөнөтү беш жыл. Беш жылдык курс экен. Анын деле жарымы бүтүп азы калды. Күтө туруп эле, шайлоону өз убагында өткөзгөнүбүз оң дегим келет. Шашып эч кереги жок. Эки эле жыл чыдайлы …

Ансыз да, азыр бюджеттин түбү оңурайып, оюлуп турганда шайлоого акча коротконго мүмкүнчүлүгүбүз барбы? Кайра шайлоо өткөрөөрдөн мурун муну жакшылап ойлонуп «жети өлчөш …» керек эмеспи? Анүстүнө, азыркы депутаттарды карасаңар, өзүлөрүн аябагандай дискредитациалап жатышат. Калган эки жылда калган абройлорун толук төгүп бүтүшөөрүндө шек деле жок. Ошон үчүн, шашпай, тим койо туруш керек, элдин да көзү ачылсын, жерге түкүрүп, депутуттар да кайра шайлангыстай жерине жетишсин. Бышсын, биротоло. Азыр, эрте шайлоо кылсак, көбү кайра шайланып, мандаттарын жаңыртып алат. Эрте шайлоо, керек болсо, алардын көбү үчүн кошумча «шанс» да. Ошону баарыбыз түшүнүшүбүз керек.

Андыктан, парламент тарасын дегенди, атайылап, элибизди чаташтыргысы келгендер чыгарып жатканын айтпасак болобу? Алар абал оорлоп, нааразычылыктар күч ала баштагандыктан улам эле, «не бар, не жок, алдын алып, ЖКны «козел отпущениеге» даярдап койолу», болбой баратса «депутаттарды таркатып, кыжырдангандарды алдап-соолап, шайлоого киргизип иели» деген план түзүшкөндөй. Андан кийин, «эмдиги парламентте, коалиция түзөбүз» деп кыйналбаш үчүн, «КСДП даана жеңүүчү партия болуш керек» деген суроо өзүнөн өзү туулуп, анан, кобур-собур көбөйүп, элдин баары дүрбөп, шайлоого даярдана башташты окшойт.

Алмазбек Атамбаев деле, «бул парламент менен акырына чейин иштешем» деп бир нече ирет айтты. Президентке бул парламент менен иштешкен чындыгында эле ыңгайлуу. Анткени, айтканынын баары аткарылып жаткан ЖКны таратыштын кандай зарылчылыгы бар.

Бирок, абал курчуп, нааразычылыктар күч алып, стабилдүүлүк бузула турган кырдаал түзүлсө, ЖК садага чабылып, жаңы парламенттик шайлоо болуп калбайт деп кепил болуу да мүмкүн эмес.

Анда кандай болот? «Президент менен өкмөттү калкалап калып, бизди «жинди» кылып ЖК менен тытыштырып коюп» четте күлүп турууну пландаштырган, ажоонун «ушлый» кеңешчилеринин жеми болуп кала берелиби? Карасаңар, булардын арам оюн, -«элдин муңдуу нааразычылык ырын башка жакка буруп», «ЖК жаман (!), жылына алты «лимон» жейт, кууйлу бул кууларды!» деген кайырманы байкатпай жабыштыргылары бар. Ар ырдын шаңдуу айтылган кайырмасы гана эсте калып, ырдын мазмунуна анча көңүл бөлүнбөсүн эске алуу менен ойлоп чыгарылган, мындай «жөөт жүрүштү», анча ойлонбой дүргүй берчүлөр чындап эле «жутуп» койчудай болуп баратабыз.

Ошондуктан, азыр нааразычылыкка чыгып жаткандар ойлонушу керек. Буга азгырылып калса утулушаарын, сезиши керек! Андыктан, азыр, өкмөт менен президенттен гана жоопкерчиликти талап кылып, эгер кетсин (!) дегенди баштасак, анда ошолорго гана багыштасак туура болот. Керек болсо, парламенттеги оппозиция менен биригип, колдоо керек. Ким билет? Кийин, бир башкаруучу партия жеңген парламентте кандай оппозиция болоорун?

Ошондуктан, биринчиден, биз, эл кимге, эмнеге нааразы экенин жакшылап талдап чыгышыбыз керек. Азыр белгисиз болуп жатат, элдин алдында ушундай экономикалык кырдаал үчүн ким жооп бериши керек? Парламентпи? Жок! Элибиз жоопту, жалпы элдик шайлоо менен шайлап, ишеним арткан президенттен, анын «амири» менен түзүлгөн аткаруу бийлигинен – өкмөттөн күтүп жатат да. Мына айтып жатышат, «өкмөт жоопкерчиликти сезбей, отчет бергиси жок» деп. Буга кошумчаласа болот, -«элди көзүнө илбей, теңсинбей, жеке кызыкчылыктарынан чыга албай, эптеп, бийлигин сактап калууну көздөп калды» деп.

Эгер болбой эле, кырдаал парламентти таркатуу багытында өнүгө турган болсо, анда биз артка карай кеттик дей берсек болот. Анда, Ж.Сатыбалдиевдин өкмөтүнүн өмүрү, бери дегенде, шайлоо аяктаганча узарды дей берсеңиз болот. Анткени, өкмөт башчынын милдетин аткарып, КСДПнын толук кандуу жеңишин камсыздоо үчүн, «ажоо жат десе жатып, өл десе өлө турган», башка бир принципсиз адамды дагы кайдан табасыз?

Ошондуктан, митингдин негизги максаты бул, - президентти эсине келтирип, кош стандарттуу саясатын токтоттуруп, жеке кызыкчылыктарын экинчи планга жылдырттырып, мамлекеттик деңгээлде иш алып барууга жетишүү үчүн, компромиске жетишип, жылдын башы менен жаңы өкмөт түзүүгө, жаңы жылды жаңы дем менен баштоого жетишүү деп айтаар элем.

Ошон үчүн, азыр басып алууга эмес, «иштегенге мажбурлаш керек». Себеби «кубалашуу» артка кетирээрин көрдүк. Ага көнбөсө, такыр жылыш, өзгөрүш болбосо, анда кетсин! деген кайда качат эле, өзү эле көтөрүлөт да. Мен ишти оң жолго салганга аракеттенүүнү бир далай жолу кайталаш керек дегенди айткым келип жатат.

Ал үчүн, жылдын башы менен, жалгыз гана бийлик башындагыларга иштей турган, жалаң кара жаны үчүн жан үрөгөн карьеристерден арылып, «кеңешип кескен бармак оорубайт», дегендегидей, жалпы элдик ишенимге арзый турган өкмөт түзүү керек. Аны жылдын аягына чейин иштетип, отчетун угуп, кылган ишин балоого жетишишибиз керек. А.Атамбаев деле, эгер ак дилден элибиздин өнүгүүсүн кааласа, ушул жолго түшүшү керек. Анткени, «ууру мышыктай болуп, мышмыйган» немесинен жыйынтык жок экенин өзү деле көрүп турат. Азыркы өкмөт башчы да ошонун баарын көрүп билип «эң сонун түшүнгөндүктөн» парламентке келбей, тоготпой жатат. Себеби ал –«отчет бербесе деле болоорун, тагдыры алардан көзкаранды эмес экенин, жана ошондой эле, эч нерсе кылып ишти оң жолго сала албасын» да, жап-жакшынакай билип турат. Ошон үчүн, «ажоо кет деген күнү кетем да, ага чейин өз оокатымды кылып алайын» деп жатат. Ошон үчүн, жалаң өң тааныш, тууган-туушкан, жоро-жолдошторун кызматка коюу менен алек. Ошон үчүн, колунан эч нерсе келбеген депутаттарды тоготпой атат. Чакырса барбайт. Анткени анын бир эле кудайы бар. Ал, А.Атамбаев. Анан, ушундай шартта, биз «оңолобуз» демиш болуп, курулай обдулгандан не пайда? Муну айрыкча Алмазбек Шаршенович туура түшүнүсү кажет. А эгер, антпей эле, эски адаты менен жылдын ортосунда, аяк жагында өкмөттү алмаштырууну улантып, жеке керт башын гана ойлой бере турган болсо, анда бул ажоодон да, жыйынтык болбойт. Азыркы өкмөт башчысы да сүйрөлүп жарым жылча жүрүп, анан башкасы келет. Ал да отчет бербейт. Анысы да айтат, «мен мурункулардын «погун» күрөп жатам» деп. Анан кандай өнүгүү болот? Болбойт. Анан, жүрө-жүрө, кыргыздар аман болсо, тарых кайтадан фарс түрүндө кайталанып, акыры берки экөөнүн таз кейпин кийээринде шек жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД