Жогорку Кеңеш комитети Орусиянын 25 млн гранты тууралуу макулдашууну жактырды

Жогорку Кеңештин эларалык иштер боюнча комитети бүгүн, 26-ноябрда Орусиянын Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн бөлгөн 25 млн доллар гранты жөнүндөгү келишимди жактырды.

Финансы министринин орун басары Мирлан Байгочоковдун айтымында, бул каражат саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагына жумшалат.

“Келишим боюнча кыргыз тарап каражаттын колдонулушу боюнча отчет тапшырыш керек” – деди министрдин орун басары.

Эскертсек, бул келишим бюджет жана финансы боюнча комитети тарабынан жактырылган. Келишим Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында да каралат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД