Бишкекте өткөн шайлоодо эң көп мыйзам бузуу Свердлов районунда болду

“Таза шайлоо” ассоциациясы Бишкектин Свердлов районунда эң көп мыйзам бузууну каттаган”, - бул тууралуу ассоциациянын жетекчиси Айнура Усупбекова билдирди.

Анын айтымында, ассоциация участкалык шайлоо комиссияларынын түрдүү мыйзам бузуулары боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 10дой арыз менен кайрылган. Мыйзам бузуу – бөлмөнүн тышында добуш берүү, өздүгү тастыкталбаган шайлоочуларга бюллетендин берилиши, участкаларды ачууда участкалык шайлоо комиссияларынын процедуралык мыйзам бузуулары жана бюллетенди таштоо боюнча бир факты катталган.

Усупбекованын айтымында, бюллетенди таштоо жана аны таштоого болгон аракеттер №1306, 1341 жана 1334 шайлоо бөлүмдөрүндө болгон.

Андан сырткары ал көпчүлүк учурда тартип бузуу жана үгүттөө сыяктуу иштер болгонун кошумчалады.

Ал ошондой эле шайлоочуларды сатып алуу жаа аларды ташуу фактылары Ленин районунун №1301 жана 1308 шайлоо бөлүмдөрүндө катталганын кабарлады.

Ассоциациянын жетекчиси №1228, 1239, 1246 шайлоо бөлүмдөрүндө маркерлөө боюнча мыйзам бузуулар болгонун айтат.

Дагы бир мыйзам бузуу болуп тизмеде жок шайлоочуларга бюллетень берүү болгон. Андай фактылар № 1104, 1134, 1341, 1152, 1208 шайлоо бөлүмдөрүндө катталган.

“Айланма шайлоо болгонун биз №1047, 1213, 1126, 1306, 1326 шайлоо бөлүмдөрүнөн каттадык”, - дейт Усупбекова.

Укук коргоочу ошондой эле эки жолу байкоочуларды байкоо процессине жолотпоо болгонун баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД