Р.Казакбаев: “Республика” Бишкектеги бардык добуштарды кайра саноону талап кылат

“Республика” партиясы Бишкектеги бардык шайлоо участкаларынданы бюллетендерди жана протоколдорду кайра санап чыгууну талап кылууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешке “Республика” партиясынан талапкер Руслан Казакбаев “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, партия азырынча шайлоону болду деп таанай албайт жана көптөгөн одоно мыйзам бузуулар болгон. Эң одоно мыйзам бузуу бөлмөнүн сыртынан добуш берүү. Анткени 300гө чейин адам мөөнөтүнөн мурда добуш берген имиш.

“Биз кээ бир түзүмдөр, балким мэрия же башка бюджеттик мекемелер шайлоочуларга таасир бериши мүмкүн. шайлоо комиссияларынын башчыларына, бюджеттик түзүмдүн кызматкерлерине түрдүү басымдар болгондугу боюнча бир топ маалымат келип түштү. Булар добуш берүүнүн массалык жасалма болушуна алып келди”, - дейт Казакбаев.

“Республика” Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгын ички текшерүүдөн кийин гана шайлоо болгондугу тууралуу маселени карайт. Талапкердин айтымында, акыркы сутка ичинде түрдүү партиялар тарабынан ар кандай мыйзам бузуу болгондугу тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Өзгөчө “карусель” ыкмасынын колдонулгандыгы, бюллетендерди массалык таштоо жана протоколдорду көргөзбөө боюнча.

“Биз БШКга кайрылып, шайлоо комиссияларынын административдик басымга баш ийип, аракет кылбагандыгына так укуктук баа берүүнү суранабыз. Кылмыш жазасын алуусуна чейин барабыз”, - дейт Казакбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД