Эксперт: Акыркы шайлоо Кыргызстандын тарыхындагы эң демократиялык шайлоо болду

“Жергиликтүү кеңешке болгон шайлоо Кыргызстандын тарыхындагы эң демократиялык шайлоо болду”, - деп саясат жана экономика боюнча адис Бакыт Бакетаев журналистерге билдирди.

Анын айтымында, 25-ноябрь - шайлоо күнү бардык жерде административдик ресурсту колдонуу, “карусель” тууралуу маалыматтар айтылган, ал эми бүгүн эртең менен ал ойгонгондо “Европадагы демократияда ойгонгон”. “Бүтүн Кыргызстан”, системасыз оппозиция бир шаарды бүтүндөй алган. “Ата-Журт” дагы жана башка оппозициялык, керек болсо нейтралдуу партиялар да ошондой болду”, - дейт ал.

Ал кыргыз элин шайлоолор “кайсыл бир деңгээлде” адилеттүү, ачык жана адам укуктарынын сактылып өтүшү менен куттуктады. “Бул шайлоолор мамлекетти либералдык жана демократиялык өнүгүүгө түрттү деп ойлойм”, - деп билдирди Бакетаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД