Жогорку Кеңеш комитети 26 млн евро немис гранты жөнүндөгү келишимди жактырды

Жогорку Кеңештин эларалык иштер боюнча комитети Германиянын 26 млн евро өлчөмүндөгү грант берүүсү жөнүндөгү келишимди жактырды.

Экономика министри Темир Сариев аталган каражат Кыргызстан менен Германиянын 2011-2012-жылдыры финансылык кызматташуусунун алкагында берилип атканын белгиледи.

Бул каражаттын 5,5 млн евросу калктын саламаттыгын чыңдоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигине бөлүнөт, 4 млн евро – энелердин өлүмүн азайтууга, өзгөчө перинатылдык медициналык мекеме түзгөнгө жумшалат.

Андан сырткары - миллион еврону Финансы министрлигине бөлүү каралууда, 5,5 млн – жергиликтүү бийлик органдарына, 5 млн – өкмөткө, 3 млн – Жаштар министрлигине бөлүнөрү айтылды.

Талкуунун жыйынтыгында профилдик комитет келишимди жактырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД