“Тоскоолдуксуз жашоо” партиясы: Биз 7 пайыздык чектен өтөбүз деп ойлогонбуз

“Биздин партия шайлоодо 7 пайыздык чекти өтөт деп үмүттөнгөнбүз. Партиянын мүчөлөрү бардык аракеттерди жасап, өздөрү да үгүт иштерин жүргүздү”, - деп 26-ноябрда Бишкек шаардык кеңешке “Тоскоолдуксуз жашоо” партиясынын мүчөсү Улук Кыдырбаев билдирди.

БШКнын саат 12.00гө алынган маалыматына ылайык, партия шайлоочулардын 1,8 пайыз гана добушун алган.

Кыдырбаев шайлоонун алдын ала жыйынтыгы “шайлоо мыйзам бузуу менен өткөндүктөн чындыкка коошпойт”,- дейт. “Шайлоо участкаларында бюллетендерди таштоо, “карусель” катталды жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү каттоосу жок жарандарга бюллетендерди беришти. Мисалы, №1137 шайлоо бөлүмүндө ал жерде каттоосу болбогон кишилерге бюллетендер берилди. Андыктан биз шайлоо таза өттү деп айта албайбыз”, - дейт ал.

Анын айтымында, участкалык шайлоо комиссияларынын даярдыгы төмөн экени аныкталган.

Ошондой эле жыйынтыктын мындай болуп калганына Кыдырбеков жарандардын активдүү болбогондугу менен да түшүндүрдү. “Дал биз үмүт кылып аткан аудитория шайлоого келген жок”, - дейт ал.

“Шайлоонун жыйынтыктары боюнча партиянын бирдиктүү ою жок, себеби шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийин саясый кеңеш чогула элек”, - деп кошумчалады Кыдырбаев.

Ал ошондой эле шайлоонун жыйынтыктарына карабастан партиянын ичинде чыйралуу башталат. “Программа так көргөзүлгөн, тапшырма коюлган. Партиянын бардык аракети биздин сунушту Бишкек шаардык кеңешинин кабыл алуусуна жумшалат”, - дейт ал.

Кыдырбаев “Тоскоолдуксуз жашоо” партиясынын мүчөлөрү эч кандай митингге чыгып жана пикет уюштурбай турганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД