Кыргызгаз: Газды берүү качан жанданаары белгисиз

Газды берүү качан жанданаары белгисиз. Учурда “КазТрансГаз” жана “Узтрангаз” компаниялары менен Кыргызстандын түндүгүнө мурдагыдай көлөмдө газды берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызгаз” ААКысынын басмасөз кызматы “ВБ”га билдирди.

Кыргызстандын түндүгү 23-ноябрдан баштап Казакстандан газды 25 пайыз чектөө менен алууда. Бир суткада 55 миң кубометр газ колдонулса, “КазТрансГаз” болгону 41 миң кубометр газ гана берүүдө.

Газ Бишкек шаарынын бир бөлүгүнүн жашоочулары жана шаар четиндеги айылдарга берилбей турат. Газ Чүй чоң каналанынын (БЧК) ылдыйка аймагында, Батыш автовокзалда, “Красный строитель” жана төмөнкү Ала-Арча, Маевка, Аламүдүн, Орто-Сай айылдарында жок.

Чүй облусунда газ менен камсыз кылуу Кант, Токмоктун жарымы, “Кант цемент заводу”, “Кант ТШП”, Токмок жана Кара-Балтадагы спирт заводунда өчүрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД