ИИМ: Милиция түрдүү митингдерге даяр

Милиция түрдүү митингдерге даяр жана бардык мыйзамсыз аракеттердин алдын алууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басмасөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, кечээ 25-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда милиция күчөтүлгөн режимде кызмат кылды.

“Эгер шайлоодо утулуп калган тигил же бул партия митинг уюштура турган болсо, бул алардын укугу. Бирок, башкысы алар коомдук тартипти бузбашы керек. Андай болбогон учурда бардык аракеттерге чара көрүлөт”, -деди Сейитов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД