Өмүрбек Текебаев: Жалпысынан мен жергиликтүү кеңешке болгон шайлоого канааттанам

“Жалпысынан мен жергиликтүү кеңешке болгон шайлоого канааттанам”, - деп “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, партия алгач шаардык кеңештен 10-15 орунга ээ болууну көздөп аткан, андыктан өткөн шайлоого кичине нааразычылык бар.

“Биз канааттанбашыбыз мүмкүн, бирок шайлоо деген шайлоо. Биз коомчулуктун пикири менен эсептешишибиз керек. Жалпысынан мен шайлоого канаттанам. Жергиликтүү кеңешке болгон шайлоо салыштырмалуу демократиялуу өтүп, мурдагылара караганда эркин болду”, - дейт Текебаев.

Ал Кыргызстандын эли жергиликтүү органдарга реалдуу күч берилгенине ишенди деп ишенимдүү билдирди.

“Атаандаштык жетишээрлик деңгээлде күчтүү болду. Партиялар бир-бирин көзөмөлдөп, аны менен салыштырмалуу ачыктыкты камсыздай алды. Катышуучулардын аздыгы бул шайлоодо массалык түрдө бурмалоо болбогондугун тастыктап атат”, - деп белгиледи ал.

Текебаев өткөн жылдары деле шайлоого аз шайлоочу катышканын кошумчалап, бирок бюллетендерди массалык түрдө таштоо менен шайлоочулардын катышкандыгы жогорулатылып келгендигин белгиледи.

“Бул жылы ар бир шаарда түрдүү партиялар биринчи орунду алышты. Ким кайсыл шаарда жеңишке жетише турганын эч ким алдын ала айталбайт болчу. Бул административдик ресурс мурдагы жылдардагыдай күчтүү эместигин түшүндүрөт”, - дейт “Ата Мекендин” лидери.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД