Бишкек шаардык кеңеш шайлоосунда “Ата Мекен” “Замандаш-Современникти” озуп барат

Саат 15.15ке алынган маалымат боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы 203 участканын 140нан келип түштү.

Бишкек боюнча 2/3 шайлоочулардын добушу саналып бүттү. Мындай маалыматты БШКдан билдирди.

Саат 15.15ке алынган маалымат боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы 203 участканын 140нан келип түштү. Бул 68,97 пайызды түзөт.

Мурдагыдай эле 7 пайыздык чекти 4 гана партия аша алды.

1. КСДП – 32,12% (27 миң добуш)

2. “Республика” – 18,17% (15,3 миң добуш)

3. “Ата Мекен” – 9,98% (8,4 миң добуш)

4. “Замандаш-Современник” – 9,92 % (8,3 миң добуш).

Бардыгына каршы деп шайлоочулардын 2,49 пайызы добуш берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД