Башкы прокурор: Бизде Сабировдун күнөөсүн тастыктай турган жетиштүү далил бар

Башкы прокуратура экс социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировго кылмыш ишин козгоо үчүн жетиштүү далил чогулду дейт.

Бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда Башкы прокурор Аида Салянова Биринчи Май райондук сотунун экс-министрди актаган өкүмү менен макул эместигин айтып, жогорку инстанцияга бул чечим боюнча арыз менен кайрылганын кабарлады.

Салянованын айтымында, айыптоочунун Сабировдун күнөөсү боюнча жардамчысы Тахир Мирзаахмедовдон башка бир катар далилдери бар. “Анын жардамчысы ээн-эркин эле алынган акча министрге бериле тургандыгын боюнча көрсөтмө берген видео бар. Ошондой эле Сабиров жардамчысынын үйүнө болжолдуу түрдө эларалык балдарды асырап алуу боюнча иш жүргүзгөн чет элдик уюмдан алган 5 миң долларды алуу үчүн келгени боюнча видео бар. Ошондой эле министрдин чет элдик уюмдун өкүлү менен сүйлөшкөнү боюнча да видео бар. Ал жерде министр “Бардыгын Тахир менен сүйлөшкүлө”, - деп айтканы бар”,- дейт Салянова.

Эскертсек, биринчи инстанциядагы сот Сабировду коррупция боюнча актаган болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД