Талаптары аткарылбаса “Эгемен Кыргызстан” бүрсүгүнү митингге чыгат

“Кыргызстандын президенти Конституциянын гаранты катары мыйзамдуу шайлоо өткөрүүгө жоопкер болчу”,- деген ою менен 26-ноябрда “Эгемен Кыргызстан” партиясынын төрагасы Бектур Асанов “ВБ” менен бөлүштү.

Анын айтымында, бул шайлоо Убактылуу өкмөт башкарып келаткандан берки эң ыплас шайлоо болуп эсептелет.

“Мен бул шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайм. Жеке эле мен эмес, бүтүндөй өлкө боюнча ишенишбейт”, - дейт Асанов.

Эске салсак, 7 партия – “Ар-Намыс”, “Ата-Журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, НДПК, “Кыргызстандын патриоттору”, “Республика” жана “Эгемен Кыргызстан” партиялары добуштарды кайта саноо боюнча бирдиктүү билдирүү таратышкан.

Асанов алардын талаптары аткарылбаса 29-ноябрда аталган партиялар тынчтык митингине чыга турганын баса белгиледи. “Менин мэрге каршы эч кандай дооматым жок, бирок мындай баш аламандыкта ал башкаруучу партиянын мүчөсү катары отставкага кетүүсү керек”, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД