Садыркуловдун өлүмү боюнча айыпталып аткан Темирбаев актылды

Мамлекеттик коргоо кызматынын мурдагы төрага орун басары Нурлан Темирбаев үч адамдын: КР президент аппаратынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов, Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймановдун өлүмү боюнча акталды.

26-ноябрда, сот ишине төрагылык кылган Бишкек гарнизонунун аскер сотунун судьясы Марлен Тентимишев Темирбаевди жазасын алуу үчүн үч жылга күчөтүлгөн режимдеги колоняга эркинен ажыратты. Бирок амнистияны эске алып, аны камактан чыгарды. Темирбаев ошондой эле башка кылмыш иши боюнча да айыпталып аткандыктан, башка соттун өкүмү менен тергөө абагында дагы кармалат.

Сот алдын ала Кылмыш кодексинин бир катар оор беренелерин жокко чыгарды. Өзгөчө “Адамды уурдоо”, “Киши өлтүрүү”, “Кызматтык абалынан пайдалануу”, “Машина айдап качуу”, “Кылмыш уюмун түзүү” беренелери андан алынды. Сотто анын күнөөлүү экендигин даана тастыктаган далилдер такталбагандыгына байланыштуу сот бир гана божомолдорго таянып адамды соттой албайт.

Эске салсак, мамлекет башчынын мурдагы аппарат жетекчиси Медет Садыркулов, Стратегиялык изилдөөлөр эларалык институтунун жетекчиси Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов 2009-жылдын 13-мартында Бишкектин тышында өлтүрүлгөн. Алар жол кырсыгынан каза болду деп, ага күнөөлүү катары Ош облусунун тургуну, жумушсуз Өмүрбек Осмонов табылган. Сот аны 12 жылга эркинен ажыраткан. 2010-жылдын апрелинде ал белгисиз жагдайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД