Бишкекте катталган өрттөн эки киши каза болду

Бишкектин Каховска көчөсүндөгү жеке турак жайдан эки кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булактар “ВБ”га билдирди.

Каза болгондордун өздүгү аныкталып, алар 88 жаштагы үйдүн кожойкеси жана 64 жаштагы эркек киши болуп чыкты.

Адистер өрттүн чыгуусуна бөлмөдөгү күйүп аткан шам болушу мүмкүндүгүн белгилешүүдө. Коңшулардын айтымында өрт болгон күндүн алдында райондо электр жарыгы өчүрүлгөн. Тартип коргоо органдары кары адамдар жатаарда шамды күйгүзүп коюп жатышы мүмкүн дешүүдө. Шам жакын турган төшөнчүгө түшүп, ал күйүп кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД