Кадырбеков: Добуштарды кайта саноо шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга алып келет

Добуштарды кайта саноо борбор калаадагы шайлоо участкаларындагы добуш берүү жыйынтыктарын жокко чыгарууга алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Ишенбай Кадырбеков “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, эгер кайта саноо учурунда мыйзам бузуулар катталганы аныкталса, Аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) тийиштүү шайлоо участкаларындагы добуш берүүлөрдү жокка чыгарууга аргасыз болот.

Белгилей кетсек, саясый партиялар тарабынан канчалаган көп билдирүүлөр болгонуна карабастан, шайлоочулардын добушун кайта саноонун канчалык кажети бардыгын бир гана АШК чечет.

Эске салсак, “Ар-Намыс”, “Ата-Журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, НДПК “Кыргызстандын патриоттору”, “Республика” жана “Эгемен Кыргызстан” саясый партиялары биргеликте билдирүү таратып, анда борбор калаадагы шайлоо участкаларындагы добушту кайта саноо керектигин айтышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД