Эртең Бишкектин бир катар райондоруна суу берилбейт

Эртең, 28-ноябрда Бишкектин бир катар райондоруна ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Бишкек шаарын суу менен камсыз кылууну жакшыртуу” долбоорунун алкаганда иштер жүргүзүлөт.

Саат 9.00дөн 17.00гө чейин төмөнкү райондордо суу берүү токтотулат: 11-кичи район, Совмин шаарчасы, Асанбайдагы №31-52 үйлөрдө, Каралаев, Нуркамал, Куттубаев көчөлөрүндөгү жеке турак жайларда, Улан жана Көк-Жар кичи районунда, Көк-Жар конушунда, Рысмендиев көчөсүндөгү Автоматика институтунда, Сейсмология институтунда суу жок болот.

Ошондой эле 4,5,7 жана 8 кичи районунда суу басыма төмөндөйт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД