Бишкек шаарындагы 4-5 участкадагы добуштар кайтадан саналат

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) бүгүн, 27-ноябда 4-5 участкадагы добуштарды кайта санайт. Бул тууралуу БШКнын Бишкек боюнча атайын өкүлү Максат Турумбеков “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык АШКсы “ачыктыкты каалайт, бул участкаларда техникалык катачылыктан улам маалыматтыр менен протоколдор дал келбей атат”.

“Мындай иштер участкалык шайлоо комиссиясы “жараксыз” бюллетень менен “бузулган” бюллетенди” чаташтырып аткандыгынан улам болууда”, - дейт Турумбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД