Депутаттарга эки комитетке мүчө болууга уруксат берүү каралууда

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов эл өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештеги эки комитетке дароо мүчө болуугу укук берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында Жогорку Кеңештин “Комитеттердин курамын бекитүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча токтом долбоору каралууда.

Атажуртчу депутат Курмантай Абдиевдин айтымында, Конституцияга ылайык ар бир депутат өз алдынча кайсыл профилдик комитетке кирүүнү кааласа аны тандап алууга укугу бар.

Осмонов өзүнүн адистиги, билими жана тажрыйбасына карап сот-укуктук маселелер комитетине кирүүнү каалагандыгын белгиледи. “Ар бир фракцияга квота берилгендиктен мен мына эки жылдан бери андай кыла албай келем. Бул комитетте “Ата-Журттан” өкүлү бар. Балким депутаттарга дароо эки профилдик комитетке кирүүгө уруксат берүү керектир? Депутат өз алдынча комитетти тандай алат, ал эми экинчи комитетке фракциянын ал комитетте өкүлү жок болсо, фракциянын уруксаты менен ага кирет”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД