БШКнын жыйынында “карусель” боюнча видео талкууланат

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында “Республика” партиясы тарабынан уюштурулган “карусель” боюнча видео талкууланат. Бул тууралуу БШК төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева “ВБ”га билдирди.

Ал партия менен сүйлөшүп алган шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн айтты.

Журабаева укук коргоо органдарына кайрыла турганын кошумчалады. “Мен шок болуп атам. Эл дайыма “каресель” боюнча арызданып келишкен, бирок далили жок болчу. Бул видеодон аны уюштуруу схемасы түшүнүктүү болду. Демек, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен сүйлөшүп алышкан экен да. Бул өлкөдөгү шайлоо институтунун үзүлүшү деп эсептейм”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД