Депутаттар пиратчылык жана плагиат боюнча жазаны катуулатат

Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети бүгүн “Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун кабыл алды.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Нурлан Шерипов пираттык жана контрофактык дисктерди саткан 148 каттоого алынбаган жай бар экенин айтты. Ал автордук укуктун бузулушу боюнча тагылган административдик чаранын жумшак экендигин белгиледи.

Мыйзам долбоору жоопкерчиликти күчөтөт жана ИИМ менен Финансы полициясына административдик иш боюнча аларга укук берет.

Депутат Эгемберди Эрматов Кыргызстанда “плагиат кадимки көрүнүш” болуп калганын билдирди. “Ар кадам сайын кишинен өнөрүн уурдап атат. Ошондуктан аталган мыйзам долбооруна автордук укуктун бузулушу боюнча чара көрүүнү да кошуу керек”, - дейт ал.

Талкуунун жыйынтыгында, аталган мыйзам долбоору профилдик комитет тарабынан кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД