Жаныбек Салиев: Мага карата ачылган кылмыш иши жасалма

“1996-жылы мага карата ачылган кылмыш иши жасалма болгон”, - деп Бишкекте өткөн маалымат жыйында Башкы прокуратуранын өзгөчө оор кылмыш иштерин иликтөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жаныбек Салиев билдирди.

Анын айтымында, 1996-жылы ага карата “Талоончулук менен кол салуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Аны Жогорку Кеңеш депутаты Султан Урманаевдин үйүнө кол салган деп айыпташкан.

“Кылмыш ишин жасалма кылган милициянын бардык кызматкерлери “Кыянаттык кылуу” жана “кызматтык абалын көтөргөн” деген беренелер боюнча жазасын алышты”, - дейт Салиев.

Ал ошондой эле жаңы дайындалган ар бир прокурор ага карата ички иликтөө жүргүзүп, анын “бул кылмыш ишине эч кандай тиешеси жоктугун” аныктаганын белгиледи.

“ЖМКда ар кандай тополоңду мен алардын ишмердигине жолтоо болгондор таратышууда. Мен өзгөчө иштерти иликтөө боюнча башкармалыктын жетекчисимин, андыктан менин бир топ душмандарым мени коомчулуктун алдында ылдый түшүрүүнү каалашууда. Түрдүү билдирүүлөрдүн бардыгы тең менин душмандарым тарабынан болот, бирок мен мыйзам боюнча эч кандай күнөөм жок”, - деди Салиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД