Наргиза Ажыбаева “карусель” фактысын түшүндүрүп берүүсү үчүн милицияга чакырылат

“Республика” партиясынан шаардык кеңешке талапкер Наргиза Ажыбаева “карусель” фактысы боюнча көрсөтмө берүүсү үчүн милицияга чакырылат. Аталган видеодо №1006 жана 1008 участкаларында айланма добуш берүү боюнча баяндалат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин жетекчи орун басары, шайлоо маалында коомдук коопсуздукту камсыздоого жоопкер Памир Асанов “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, 27-ноябрда ал Ажыбаева өзүнүн кол алдындагыларга эки участкада “карусель” фактысы боюнча тапшырма берип аткан видеону интернеттен көргөн.

“Бирок, видеодо “карусель” фактысы, тактап айтканда добуш берүү учуру жок. Ушундан улам тергөөчүлөр ушундай окуяларды текшерүүгө аракет кылууда. Эгер Ажыбаеванын күнөөсү далилдене турган болсо, ал “Шайлоолор жөнүндөгү” мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылат”, - дейт Асанов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД