Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 13 участкадагы добушту кайта саноодо

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы коллегиялдык чечим менен алты шайлоо участкасындагы добушту кайтадан санады. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, добуштардын саны боюнча протоколду кабыл алып атканда, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн анын аныктыгы боюнча шектенүүсү пайда болгон. Ошондуктан борбор калаадагы кээ бир шайлоо участкаларындагы добуштар кайтадан саналган. Азыр төмөндөгү участкаларды добуштар саналып бүттү. №1017, 1012, 1318, 1308, 1149, 1349. Ошондой эле 1346, 1342, 1339, 1311, 1236, 1305, 1309 участкаларды добуш саноо жүрүүдө.

Кайта саноонун жыйынтыгында протоколду түзүүдө техникалык катачылык орун алганы белгилүү болгон. “Кээ бир протоколдор туура эмес толтурулган”, - дейт Маматов.

Азырынча добуштарды саноодо эреже бузуулар каттала элек. Эгер мыйзам бузуу болгону аныкталса анда, аталган шайлоо участкаларындагы добуш берүү жокко чыгарылат.

Мамытов добушту кайта санаш керек деп аткан партиялар өз билдирүүлөрүнө далилдерди келтирбей атканын белгиледи. Ал бардык билдирүү текшерилип атканын, 20 күн ичинде аталган участкалардагы добуштарды кайта саноонун максаттуулугу боюнча чечим кабыл алына турганын кошумчалады.

Эскертсек, 7 саясый партия кээ бир участкаларда добуштарды кайта саноо керектигин билдиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД