Башкы прокуратура “карусель” жөнүндөгү видеонун аныктыгын текшерүүдө

Башкы прокуратурадан билдиргендей, жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоону өткөрүү жана ага болгон даярдык маалында 2012-жылдын 27-ноябрына карата прокуратура органдары тарабынан 78 текшерүү болгон.

Аталган текшерүүлөрдүн жыйынтыгында шайлоо жөнүндөгү мыйзамды бузган учурлар боюнча 156 прокурордук акт түзүлгөн. Алардын бири протест, 8 билдирүү, 91 мыйзам бузууну четтетүү, 55 сак болуу жарыяланган. Ошондой эле административдик мыйзам бузуу боюнча бир иш сотко жөнөтүлгөн.

Андан сырткары, учурда Бишкек прокуратурасы тарабынан “Республика” партиясы тарабынан бир эле кишинин бир канча жолу добуш берүүсү боюнча тартылган “карусель” тасмасы боюнча текшерүү жүрүүдө.

Аталган текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилери айтылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД