Кыргызстан 2025-жылга чейин туруктуу өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууда

Кыргызстанда үч этапка бөлүнгөн 2025-жылга чейин туруктуу өнүгүү стратегиясы иштелип чыгууда. Өнүгүү стратегиясы үч этапка бөлүнгөн: 2017-жыл, 2020-жыл жана 2025-жыл. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында экономика министри Темир Сариев билдирди.

Министр стратегияны иштеп чыгууну кечиктирилбеген процесске кошуу керек деп белгиледи.

“Биринчи жана көйгөйлүү кадамдардын бири болуп аймактардын туруктуу өнүгүүсү жана жергиликтүү өнүгүү аркылуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүү узак мөөнөттүү стратегиясын түзүү болуп саналат болуш керек деп ойлойм. Аймактар өнүкпөй туруп өлкө өнүкпөйт. Ал эми ар бир облустун, райондун жана айыл-өкмөттөрүнүн дүң продукциясыз Кыргызстандын ички дүң продукциясы болбойт”, - деди Сариев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД