Энергетика министрлиги: Калкка газ берүү бүгүн калыбына келет

Бүгүн калкка газ берүү толугу менен калыбына келет. Бул тууралуу Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов билдирди.

Анын айтымында, газ компаниясынын кызматкерлери күндүн аягына чейин газды калыбына келтирүүгө сөз беришүүдө.

Эске салсак, Өзбекстан жана Казакстандын чегараларындагы газ түтүктөрүндөгү басым төмөндөгөндүктөн Бишкек менен Чүй облусунун бир катарай райондоруна газ берүү токтотулган.

Депутат Олег Домщенко калктын кыштын күнү көгүлтүр отунсуз калганына ачуусу келип, муну калкты шылдыңдоо деп атады.

Баетов өз кезегинде газды алып келүү боюнча жаңы келишим түзүлгөндөн кийин Кыргызстандын газы жок калуу коркунучу азая турганын белгиледи.

Эскертсек, газды алып келүү боюнча Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн келишим аяктап барат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД