Финансы министрлиги: 2013-жылы орточо айлык 13 миң сомдон ашат

2013-жылы Кыргызстанда орточо айлык 13 миң сомдон көп болот. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында финансы министри Ольга Лаврова билдирди.

Айтымында, жакырчылыктын деңгээли 33,2 пайыздык көрсөткүчтө болору күтүлүүдө. “Анын да жумушсуздуктун деңгээли сыяктуу төмөндөө тенденциясы бар. Ал эми экономиканын башка көрсөткүчтөрү кийинки жылы өсөт”, - дейт Лаврова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД