Арнамысчылар “Ар-Намыстын" көпчүлүк коалициядан чыгуу маселесин көтөрүштү

“Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоого парламенттик көпчүлүк коалициясынын мүчөлөрү мыйзам бузуу менен катышып, анын алдын алган эмес”, - деп “Ар-Намыс” фракциясынын бүгүнкү жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди.

“Мен коалиция мүчөлөрүнүн жана фракция лидерлеринин мыйзам бузуунун алдын алуу боюнча биргелешкен аракетин көргөнүм жок, - дейт ал. – Лидерлер болгону бири-бирин жамандап, өздөрү бурмалоонун мастери болуп чыга келишти”, - дейт депутат.

Бакир уулу ошондой эле “Ар-Намыс” фракциясы шайлоодо “таза жана так” катышкан жалгыз партия болгонун билдирди. Ошондой эле коллегаларына “Ата Мекен” менен “Ата-Журт” “Ар-Намысты” “Республикага” каршы болгон “согушта” биригүүгө чакырганын эске салды.

“Бирок биз ар дайым абийирдүү болуп келдик, бул жаңжалга аралашкан жокпуз”, - дейт ал.

Депутат “таза өтпөгөн шайлоодон кийин” фракциясынын коалициядан чыгуу маселесин көтөрүү керектигин белгиледи. Аны Анвар Артыков менен Каныбек Осмоналиев колдоого алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД